246-берене. Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›32-глава. Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.