244-берене. Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун санкция албастан өзгөртүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Мобилдик түзүлүштүн өндүрүүчүсү орноткон анын эл аралык идентификаторун санкция албастан өзгөртүү, ага тете эле мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун жасалмалоо, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.