242-1-берене. Фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу чөйрөсүндөгү бузуулар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 242-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Салыктык эсепке алуу максатында колдонулуучу жана белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууда фискалдык программалык камсыз кылуу оператору тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген өзгөртүүлөрдү салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөөдөн качуу үчүн шарттарды түзүү максатында киргизүү, эгерде бул бюджетке салыктарды жана (же) бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, -

10000ден 20000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)