241-берене. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо, салык салуунун башка объекттерин кыйла өлчөмдө жашыруу, -
бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 300дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) өзгөчө ири өлчөмдө, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 241-243-беренелеринде каралган жосундар, эгерде төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миңден элүү миңге чейинкини түзсө, кыйла өлчөмдө жасалган деп таанылат. Элүү миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөөдөн качуу ири өлчөмдө деп таанылат, эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу өзгөчө ири өлчөмдө деп таанылат.
Айыптарды жана туумдарды кошкондо, салык же бажы карыздарынын бүткүл суммасы ыктыярдуу түрдө төлөнгөн учурда, ушул Кодекстин 241, 242 жана 243-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кылмыш-жаза процессинин кандай гана стадиясында болбосун адамды кылмыш куугунтуктоо кыскартылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-июлундагы № 112, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)