240-берене. Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же алкоголдук продукцияларды ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ага тете мыйзамсыз өндүрүлгөндөрүн сатуу -
2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -
5000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян алып келген жосундар -
7000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, юридикалык жактардын жооптуу адамдары тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -
10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп жүз жана андан ашык литр спирттин жана алкоголдук продукциянын саны, өзгөчө ири өлчөм деп спирттин жана алкоголдук продукциянын эки жүз жана андан ашык литри таанылат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)