238-берене. Акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жана (же) эсептик-контролдоо маркаларын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу -

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

7000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде:

- ири өлчөм деп жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат;

- өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)