226-берене. Рейдерлик


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›29-глава. Экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Рейдерлик, башкача айтканда төмөнкү жол менен жасалган жосун:

1) чогулуштун, жыйналыштын протоколдоруна, көчүрмөлөрүнө добуш берүүчүлөрдүн саны, кворум же добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү же добуштарды же добуш берүү үчүн бюллетендерди эсепке алууну билип туруп туура эмес түзүү, акционердин, катышуучунун, жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн же аткаруу органынын мүчөсүнүн добуш берүүсүнө бөгөт коюу же чектөө жолу менен жогорку башкаруу органынын чечимин кабыл алууда добуш берүүлөрдүн натыйжаларын бурмалоо же укуктарды эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;

2) чогулушту, жыйналышты өткөрүү жөнүндө маалыматтарды билдирбөө же чогулушту, жыйналышты өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, билип туруп жалган ишеним кат боюнча акционердин, катышуучунун же жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн атынан добуш берүү;

3) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун бузуу, чектөө же чек коюу;

4) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук түзүү;

5) юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө менчик укугун мыйзамсыз алууга же юридикалык жактын үстүнөн контролдоону орнотууга алып келген башка мыйзамсыз аракеттер, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар кызмат абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)