221-берене. Финансы пирамидаларын уюштуруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›29-глава. Экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Финансы пирамидасын түзүү, башкача айтканда, финансы пирамидасынын түзүмү боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен жарандардын тартылган ушул акча каражаттарынын, активдеринин жана мүлктөрүнүн эсебинен пайда алуу системасын түзүү, ошого тете финансы пирамидасын уюштуруу же жетектөө, эгерде бул ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

11. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолгон финансы пирамидасын ачык жарнамалоо, -

1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же болбосо тармактарды же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул беренеде финансы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумдарын түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-майындагы № 99, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)