219-1-берене. Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›29-глава. Экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Лицензиясыз кумар оюндарын уюштуруу, өткөрүү жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик контораларда, тотализаторлордо аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;

4) балдарды тартуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Оюн жабдуулары, оюндагы ставка жана утуш болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка киреше белгиленген тартипте алып коюлууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)