202-берене. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›27-глава. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Кызмат абалынан пайдалануу менен адам тарабынан жасалган маалыматты таратууга же таратуудан баш тартууга мажбурлоо журналисттик мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, -

300дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бирден үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.