194-берене. Турак жайдын кол тийбестигин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›27-глава. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.