181-берене. Баланы коомго каршы аракеттерге тартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 181-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Баланы алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонууга, селсаяктыкка же тилемчиликке тартуу, же болбосо аны селсаяктыкта же тилемчиликте пайдалануу, -
кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ата-эненин бири, педагог же балага камкордук көрүү милдети мыйзам менен жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ушундай эле жосун, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2025-жылдын 10-июнундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)