179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн учурда, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
2. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн учурда, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдеттүү адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келген башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт.
Эгерде ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын толук көлөмдө жойсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
(КР 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)