177-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата анын дене боюн же психикасын жабыркаткан, же болбосо ден соолукка анча оор эмес залал алып келүүчү дене бойго же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген атайын жасалган ар кандай аракеттери -

кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Кылмыш жасаган адам ушул Кодекстин 71-1-беренесине ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө тийиш.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)