172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.