167-берене. Балдарды соодалоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›25-глава. Адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Пайда алуу максатында же ансыз баланы сатуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

5) этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен;

6) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүү же аны чет өлкөдө мыйзамсыз кармап туруу менен, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

3) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

6) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)