162-берене. Баланы порнобизнеске тартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды же чыгармаларды же мындай буюмдун же чыгарманын көчүрмөсүн даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге баланы тартуу, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга же чыгармаларга катышуу үчүн аткаруучу катары баланы тартуу, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Өмүрүнө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу, же зыян келтирүү менен коркунучтуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган ошол эле жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) ата-эне же баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) он төрт жашка толо элек балага карата;
5) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;
6) уюшкан топ тарабынан;
7) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)