136-берене. Ден соолукка жеңил залал келтирүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›20-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү, -
200дөн 500 эсептик көрсөткучкө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.
2. Адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалган ушундай эле жосун, -
500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)