133-берене. Аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›20-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Жабырлануучу тарабынан зомбулуктан же мазактоодон келип чыккан, ошого тете жабырлануучунун укукка жат же жүрүм-турумунан улам узакка созулган психикасын травма кылуунун натыйжасында капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) ден соолукка оор залал келтирүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.