129-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›19-глава. Өмүргө каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, башкача айтканда көндүрүү, алдоо же башка ыкма менен башка адамдын өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимин пайда кылуусу, бул жабырлануучу өзүн өлтүрүүгө же өзүн өлтүрүүгө аракет кылууга алып келсе, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосун, ага тете телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.