127-берене. Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›19-глава. Өмүргө каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан адам тарабынан;
2) эки же андан көп адамдарга карата, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.