119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›18-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтпөгөн болсо, же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер болбосо, сот тарабынан жаза колдонулушу мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда өткөн бир күндү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө эсептөө менен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
2. Балдардын жыныстык кол тийбестигине жана (же) руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасаган, кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин сот тарабынан жаза колдонулат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакытты эсептөө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)