115-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуучу адамдар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›18-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан төмөнкүдөй адамдарга колдонулушу мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган укукка каршы жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган;

2) акыл-эси чектелген абалда кылмыш жасаган;

3) кылмышты акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүмдү чыгарганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оорусу менен ооруган же убактылуу психикасы бузулган.