104-берене. Балдарга дайындалуучу коомдук иштер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Коомдук иштер жыйырма сааттан жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө дайындалат, баланын дене боюнун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жумуштарды аткарууну билдирет жана ал аны окуудан же негизги ишинен бош убакта аткарат. Жазанын мындай түрүн он төрт жаштан он алты жашка чейинки балдардын аткаруусунун узактыгы бир күндө эки сааттан, ал эми он алтыдан он сегиз жашка чейинки балдарга бир күндө - үч сааттан ашпоого тийиш.