102-берене. Балага жаза дайындоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Балага жаза дайындоодо ушул Кодекстин 72-беренесинде каралган жагдайлардан тышкары, анын жашоо жана тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага курагы боюнча жашы улуулардын таасири эске алынат.

2. Жеңилдетүүчү жагдай катары баланын курагы жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.