242-берене. Эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026

VI БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК УКУКТАРЫН КОРГОО. ЭМГЕК ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРЫН ЧЕЧҮҮ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН КОНТРОЛДОО›23-глава. Эмгек талаш-тартыштары

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 242-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.

1. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби ушул Кодекс, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, ал эми бул талаш-тартыштарды сотто чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

3. Эмгек талаш-тартыштарын кароонун ушул Кодексте белгиленген тартиби коомдук уюмдарда шайлануучу акы төлөмө кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге колдонулбайт.

4. Шайлануучу кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу аларды шайлаган органдардын чечими боюнча гана болушу мүмкүн.

5. Эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 242-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.