69-статья. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдар) укуктары менен милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›13-Глава Ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдардын) укуктары менен милдеттери
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 69-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алардын ата-энелерине жүктөлөт.
Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде соттор менен болгон мамилелеринде атайын ыйгарым укуксуз эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп чыгышат.
2. Эгерде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ата-эне менен балдардын кызыкчылыгынын ортосунда карама-каршылык бар экени аныкталса, ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын кызыкчылыгынын атынан чыгууга укуксуз. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) менен балдардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)