108-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттердин өлчөмү
01.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›17-Глава Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 108-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттердин өлчөмүн ушул макулдашууга катышкан тараптар аныкташат.
2. Жашы жетпеген балдарга алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча белгиленген алименттердин өлчөмү алар сот тартибинде өндүртүп ала турган (ушул Кодекстин 86-статьясы) алименттердин өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.