4-статья. Ички жер которуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы, 16.06.2026 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегиндеги жер которуу процессинен келип чыгуучу Кыргыз Республикасындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде качкындардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүлөрүнүн жана аларды каттоонун маселелери тышкы жер которуу жөнүндө Мыйзамда, чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы тууралу мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынат. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ушул Мыйзамдын IV жана V главалары Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)