21-статья. Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясы, 16.06.2026 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө, жер которуунун масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле бул маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекече эсепке алуу тутуму.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47, 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)