74-берене. Корутунду жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
14-глава. Улуттук банктын мүлктүк укуктары жана коопсуздугу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 74-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 17-августунда № 72-74(3407-3409) жарыяланды
2. Улуттук банктын уставдык капиталын ушул конституциялык Мыйзамдын 11-беренесинде каралган 4 (төрт) миллиард сомго чейин көбөйтүү Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен жүзөгө ашырылсын.
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган/ дайындалган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү аларды шайлоонун/дайындоонун бүткүл мөөнөтүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калышат.
4. (КР 2025-жылдын 17-июлундагы № 147 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.);
2) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 1, 2, 6, 7, 8 жана 9-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж.,№ 11, 1184-ст.);
3) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 4, 200-ст.);
4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 11-июлундагы № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 468-ст.);
5) «Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.);
6) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамынын 1, 2-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 12, 670-ст.);
7) «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 25-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);
8) «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 22-беренеси (2020-жылдын 27-мартындагы «Эркин Тоо» газетасы, № 31);
9) «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын 10-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 3-апрели, № 32);
10) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу)» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 5-майы, № 35);
11) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 Мыйзамы (2020-жылдын 21-июлундагы «Эркин Тоо» газетасы, N° 57);
12) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 Мыйзамынын 2-беренеси (2020-жылдын 28-июлундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 59);
13) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 77 Мыйзамы (2021-жылдын 29-июнундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 75);
14) «Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын 7-беренеси (2021-жылдын 13-августундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 87);
15) «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 143 Мыйзамынын 4-беренеси (2021-жылдын 30-ноябрындагы «Эркин Тоо» газетасы, № 145).
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде:
1) мыйзам актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
7. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2025-жылдын 17-июлундагы № 147 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын
Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган