63-берене. Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 63-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банктын Башкармасынын иши дайыма, бирок айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышы, эгерде анда Улуттук банктын Башкармасынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышса, ыйгарым укуктуу (кворум) болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын чечимдери, эгерде алар үчүн Улуттук банктын Башкармасынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
3. Каралуучу маселе боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармасынын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок.
4. «Каршы» добуш берген Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарынын же Башкармасынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири милдеттүү түрдө Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышынын протоколуна жазылат. Добуш берүүдө калыс калууга жол берилбейт.
5. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышына катышпай калган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармасынын мүчөлөрү жыйналыштын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу менен таанышып чыгууга милдеттүү.
6. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышын Улуттук банктын төрагасы алып барат. Ал жок болгон учурда Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышын Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
7. Улуттук банктын Башкармасынын чечимдери Улуттук банктын Башкармасынын токтомдору түрүндө таризделет.
8. Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштуруу, Улуттук банктын Башкармасынын жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармасынын регламентинде аныкталат.