61-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармасынын мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуунун негиздери жана тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 61-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү кызмат ордунан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) жеке арызы боюнча;
2) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
3) каза болгондугуна, же болбосо дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо тyypaлyy соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу;
4) соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу;
41) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу.
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2. Улуттук банктын төрагасы кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен бошотулат.
3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү кызмат ордунан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармасынын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү тиешелүү түрдө аяктаганга чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган учурда, Улуттук банкта кызмат орунду ээлөөгө талапкер болууга укугу жок.