54-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

11-глава. Улуттук банктын отчету жана отчеттуулугу,

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 54-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты Улуттук банктын Башкармасына талаптагыдай ички контролдоо системасын, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту даярдоо жол-жоболорун контролдоону камсыз кылууга көмөктөшүү болуп эсептелет.

2. Аудит боюнча комитеттин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ички контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;

2) ички аудит бөлүмүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

3) бухгалтердик эсепке алуу стандарттарын адекваттуу колдонууну камсыз кылуу, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү;

4) Улуттук банктын Башкармасына тышкы аудитор менен өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу боюнча сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишин баалоо.

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптар Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармасы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле башка көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул конституциялык Мыйзамда Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат.