16-берене. Улуттук банктын акча-кредит операциялары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

3-глава. Кыргыз Республикасынын акча-кредит саясаты жана

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 16-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

Улуттук банк ишинин максаттарына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) экинчилик рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;

2) Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;

3) чет өлкөлүк валютаны, баалуу металлдарды, асыл таштарды сатып алуу жана сатуу;

4) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктарга кредиттерди берүү;

5) эл аралык практикада кабыл алынган ликвиддүүлүктү жөнгө салуунун башка инструменттери, ыкмалары жана методдору.