94-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
V БӨЛҮМ. БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО. УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ›12-глава. Убактылуу администрация
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 94-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Убактылуу администратор өз ыктыярдуу жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
Акционерлердин жалпы чогулушу ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, ал убактылуу администратор тарабынан бекитилет.
2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка кредиторлордун эң мыкты кызыкчылыгында ак ниет жана акыл ченемдүүлүк менен иш алып барууга тийиш.
3. Убактылуу администратор өз иш-аракеттерин Улуттук банк менен координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.
4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.