88-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

V БӨЛҮМ. БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО. УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ›11-глава. Банкты финансылык жактан чыңдоо

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 88-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Банкта финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр келип чыккан учурга карата Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.

2. Банкты финансылык жактан чыңдоо планында банктын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча адекваттуу чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын адекваттуулугуна баалоо жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы, жаңылоону кошуп алганда Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана жаңылоого карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналган учурда, банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча банктын кошумча планы болууга тийиш. Ушул главанын талаптары банктык топко жайылтылат.

5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарда финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр келип чыккан учурга карата финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш. Финансылык жактан чыңдоо планына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.