85-берене. Таасир этүү чараларын колдонуунун негиздери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ›10-глава. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушу таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Таасир этүү чаралары ушул Мыйзамда каралган башка учурларда да колдонулат.
(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)