80-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ›9-глава. Банктык топ. Консолидацияланган көзөмөл

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Улуттук банк банктык топтордун катышуучуларынын капиталынын адекваттуулугуна карата талаптарды, ошондой эле банктык топ сактоосу милдеттүү башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.

2. Банктык топ банктык топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларын жана чыгымдарын жабуу үчүн жетиштүү капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш.

3. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайыктуу болушу керек. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугун камсыз кылуу боюнча саясатка жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын адекваттуулугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу токтоосуз Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.