76-берене. Банктын ишине тышкы көзөмөл
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ›8-глава. Банктык көзөмөл жана экономикалык ченемдер
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 76-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Банктарга тышкы көзөмөл берилген отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишин талдоо аркылуу, ошондой эле банк менен анын иши боюнча өз ара аракеттенүү менен аралыктан, туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери банктан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратып алууга, жетектөөчү банкка барууга, банктын жетекчилиги, башка кызмат адамдары жана кызматкерлери, ошондой эле тышкы аудиторлор менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.
3. Банктардын ишине тышкы көзөмөлдү уюштуруу, ыйгарым укуктары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.