61-берене. Документтерди эсепке алуу жана сактоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ. БАНКТАР›6-глава. Эсеп, отчеттуулук жана аудит

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Банк бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө пайдаланылган документтердин так эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

2. Так эсепке алынууга жана сакталууга тийиш болгон документтердин тизмеги, ошондой эле аларды сактоо тартиби жана мөөнөттөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.