57-берене. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ. БАНКТАР›5-глава. Банк иши

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасына банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык катышат.

2. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасынын иштөө тартиби Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана аны пайдалануу, кепилдик учурлар келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, банктардын, Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелер жана башка ушул чөйрөдө келип чыгуучу мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу депозиттерди коргоонун кошумча формаларын тандай алат.