5-берене. Банктык терминология


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

Эгерде ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка банктык мыйзамдарында башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык тажрыйбада жалпы кабыл алынган мааниде түшүнүү зарыл.