138-берене. Соттун аныктамасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Сот иш боюнча төмөнкүдөй аныктамаларды чыгарат:

1) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жана ишти угууга карата даярдоо жөнүндө;

2) арызды кайра кайтаруу жөнүндө;

3) ушул Мыйзамга ылайык жоюучуга сый акы белгилөө жөнүндө;

4) мажбурлап жоюу жол-жобосунун алкагында жоюучу иш-аракеттерди аткарганын же тыюу салганын аныктоо жөнүндө;

5) жоюучунун корутунду отчетун бекитүү тууралуу;

6) ушул Мыйзамдын максаттары үчүн башка аныктамалар.

2. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында Улуттук банктын арызын кароосуз калтырууга жол берилбейт.