130-берене. Сотко кайрылуу укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.

2. Кредитор, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.

Банктын кредитору Улуттук банкка берген арызда банк өзүнүн финансылык милдеттенмелерин, аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөбөй жатканы жөнүндө документалдык ырастоолорду тиркөө менен, конкреттүү талапты камтууга тийиш. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк лицензияны кайра кайтарып алуу үчүн негиздерди белгилебесе, ал кредиторго жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтөт.

Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголушу мүмкүн эмес.