128-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча сот өндүрүшү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›18-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер боюнча соттогу өндүрүш

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 128-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.

1. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер өзгөчө өндүрүш иштери болуп саналат.

2. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер сот тарабынан ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча каралат.

3. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө иштер өндүрүш тарабынан токтотула турууга, кийинкиге калтырылууга, бейтарап соттун кароосуна өткөрүлүп берилүүгө жана жарашуу келишими менен аякталууга тийиш эмес.