126-берене. Өз ара эсептешүүгө тыюу салуу жана жоюу неттинги
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
08.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›17-глава. Банкты жоюуну жүргүзүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 126-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Жоюу жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшүндө кредитордук жана дебитордук карыздар боюнча өз ара талаптарды чегеришүүнү (өз ара эсептешүүнү) колдонууга, чегинүү тууралуу жана милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу кредиторлордун талаптарын жабууга тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жоюу неттингин колдонууга жол берилет.