120-берене. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›17-глава. Банкты жоюуну жүргүзүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 120-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып, банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер токтоосуз жоюучунун карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
2. Жоюлуучу банктын мүлкүнүн курамындагы күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.
3. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары күрөө предметинин наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.
4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгашаларын жабууга жумшалат.