111-берене. Жоюучунун отчеттору
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›16-глава. Банкты жоюучу
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Жоюучу сотко, Улуттук банкка, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна (ыктыярдуу түрдө жоюуда) алдын ала, учурдагы жана корутунду отчетторду берет.
2. Алдын ала отчет банкты жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып жоюучу тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирбестен берилүүсү зарыл.
3. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө кезектеги отчет жоюучу тарабынан ар кварталдык негизде берилет.
4. Корутунду отчет жоюучу тарабынан ушул Мыйзамга ылайык берилет.
5. Улуттук банк жоюучунун отчетторунун түзүмүнө жана мазмунуна карата талаптарды аныктайт.
6. Улуттук банк жоюучудан жоюучунун ишине тиешелүү, анын ичинде банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча пландалган жана иш жүзүндөгү административдик чыгашалар жана алардан четтөөлөрдүн себептери боюнча маалыматты талап кылууга укуктуу.