108-берене. Банкты мажбурлап жоюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАНКТАРДЫ ЖОЮУ›15-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 108-беренеси, 08.07.2026 редакциясы.
1. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайра кайтарып алгандан кийин беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Улуттук банк убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра кайтарып алуу учурунда убактылуу администрация иштеп турса, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
2. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.
3. Банкты мажбурлап жоюунун жүрүшүндө убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды көрүүгө, кайра уюштурууну, ошондой эле жарашуу макулдашуусун түзүүгө тыюу салынат.
4. Мажбурлап жоюу жол-жобосуна кириптер болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн бардык активдери жана мүлкү менен толук жоопкерчилик тартат.